«Күчтөнүү» феминисттик сыйлыгы

Бишкектик Феминисттик Демилгелер тобу Кыргызстандагы феминисттик кыймылына кошкон салым үчүн «Күчтөнүү» сыйлыгын жарыялайт.

Сыйлыктын максаты, гендердик теңдик маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулоо, бул багытта иштеген аялдарды таануу жана ыраазычылык билдирүү.

«Күчтөнүү» сыйлыгына талапкерлер акыркы эки жыл бою гендердик теңдикке, аялдардын жана кыздардын күчтөнүүсүнө, өнүгүшүнө, коопсуздугуна, салым кошкон болуулары керек. Сыйлыкка талапкерлер уюмдар, жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрсөтүлөт, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерликти көрсөтүү мүмкүн.

Сыйлык төмөнкү категорияларда ыйгарылат: (1) Феминисттик активизмге көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн; (2) Гендердик-сезгич журналисттик иш үчүн; (3) Аялдардын экономикалык жана/же саясаттык ролун күчөтүү; (4) Аялдарга жана кыздарга каршы зордук-зомбулукту алдын алуу; (5) Илим жана/же маданиятка салымы үчүн.

Сыйлыкты аял укук коргоочулардан жана феминисттерден турган комиссия, ошондой эле акыркы жылдагы сыйлыктын лауреаттары ыйгарат.

Сыйлык беруу аземи жыл сайын өткөрүлөт жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү аялдардын саны чектелбейт. Лауреаттар түндүк көтөрүп кармаган кол түрүндөгү статуэтка алышат. Бул каймана маанидеги белги феминисттик жана улуттук түндүк белгилерин бириктирип, улуттук патриархалдык негиздерге каршы турат.

Сыйлыкка талапкерлер ишмер, академиялык чөйрө кызматкерлери, журналисттер, жеке менчик / мамлекеттик сектордун өкүлдөрү болушу мүмкүн. Тандоонун негизги критерийи: талапкердин феминисттик  ишке салымынын далили.