Жаш кыздар үчүн блоггер курстары

11-чи октябрьда бүткүл дүйнө жүзү боюнча Кыздар күнү белгиленип келет. Бул күнү кыздардын туш болгон коомдук көйгөйлөрү, коркунучтары, теңсиздик суроолору ачыкка чыгарылып талкууланат.
Биз бул күнү Кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жана коомдук ролун күчөтүү боюнча UNDP in the Kyrgyz Republic алып барган долбоору алкагында кыздарга фото жана видео блоггинг курстарын баштайбыз. Бул курс, кыздарды, өз муктаждыктары жана керектөөлөрү жөнүндө өздөру айта тургандай кылып үйрөтүүгө багытталган. Бүгүнкү инновациялар жана маалыматтык технологиялар доорунда, ар бир кыз дүйнөгө өзүн көрсөтө алат деген ишеничте кыздарды үндөрүн күчөтүүгө чакырабыз.
Биздин тренерлер, өздөрүн социалдык тармактарда илгерилеткен фото, видео блоггерлер. Тренерлер командасын чогултуп жатканда эксперттер эмес, жөнөкөй бирок сонун специалисттерди чогултканбыз. Алар катышуучуларыбызга өздөрүнүн блогердик жолу жөнүндө айтып берип, кыздар менен үндөрүн жайылтуучу жаңы жана натыйжалуу ыкмаларды табууга аракет кылышат.

«Күчтөнүү» феминисттик сыйлыгы

Бишкектик Феминисттик Демилгелер тобу Кыргызстандагы феминисттик кыймылына кошкон салым үчүн «Күчтөнүү» сыйлыгын жарыялайт.

Сыйлыктын максаты, гендердик теңдик маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулоо, бул багытта иштеген аялдарды таануу жана ыраазычылык билдирүү.

«Күчтөнүү» сыйлыгына талапкерлер акыркы эки жыл бою гендердик теңдикке, аялдардын жана кыздардын күчтөнүүсүнө, өнүгүшүнө, коопсуздугуна, салым кошкон болуулары керек. Сыйлыкка талапкерлер уюмдар, жеке адам же адамдар тобу тарабынан көрсөтүлөт, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерликти көрсөтүү мүмкүн.

Сыйлык төмөнкү категорияларда ыйгарылат: (1) Феминисттик активизмге көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн; (2) Гендердик-сезгич журналисттик иш үчүн; (3) Аялдардын экономикалык жана/же саясаттык ролун күчөтүү; (4) Аялдарга жана кыздарга каршы зордук-зомбулукту алдын алуу; (5) Илим жана/же маданиятка салымы үчүн.

Сыйлыкты аял укук коргоочулардан жана феминисттерден турган комиссия, ошондой эле акыркы жылдагы сыйлыктын лауреаттары ыйгарат.

Сыйлык беруу аземи жыл сайын өткөрүлөт жана сыйлыкка көрсөтүлүүчү аялдардын саны чектелбейт. Лауреаттар түндүк көтөрүп кармаган кол түрүндөгү статуэтка алышат. Бул каймана маанидеги белги феминисттик жана улуттук түндүк белгилерин бириктирип, улуттук патриархалдык негиздерге каршы турат.

Сыйлыкка талапкерлер ишмер, академиялык чөйрө кызматкерлери, журналисттер, жеке менчик / мамлекеттик сектордун өкүлдөрү болушу мүмкүн. Тандоонун негизги критерийи: талапкердин феминисттик  ишке салымынын далили.

Кыздар Кыргызстандыктар: Биздин күн, биздин үн!

Бактыгүлдүн Эл Аралык кыздар күнүнө арнап айткан баяны. Сөздөрү Бактыгүл, Дария жана Сезим, Кыргызстандын Активист Кыздары.

Storytelling by Baktygul; Script and words by Baktygul, Dariya and Sezim Girl Activists of Kyrgyzstan on the International Girls’ Day in Kyrgyzstan

8 Март Тилектештик Маршы

2019-жылы 8-мартта Бишкектин борборунда Аялдардын Укутары жана Тилектештик Маршы өттү. Маршка орто эсеп менен 400-дөн ашуун адам катышты. Катышуучурадын арасында Бишкектен жана Кыргызстандын башка аймактарынан келген феминисттик жана гендердик уюмдардын өкүлдөрү, шаардын тургундары, жарандык активисттер, Казакстандан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор катышты. Марш эң жылуу маанайда өтүп, Уркуя эстелигинин астында уюштурулган тилектештик шаарчасы менен аяктады. Боктукөргөн кыздар тобу менен дайындалган видеону көрүүңүзгө сунуштап, эмки жылы, 08.03.2020 боло турган маршка чакырабыз.

“Аялдар тилектештик шаарчасы”

Урматтуу бүт-бүт баары! Биз, 8-март күнү, 11:00-дөн 15:00-гө чейин иштеген “Аялдар тилектештик шаарчасына” катышуу үчүн силерди кубаныч менен чакырабыз.

Тилектештик шаарчасында өзүбүздүн укуктарыбыз, мүмкүнчүлуктөрүбүз жөнүндө билип, Бишкекте аялдарды коргоо жана гендердик темада иштеген уюмдардын жумушу менен таанышып, активисттер менен сезимтал маселелерди талкуулоого катышып, пикирдеш курбулар менен жолугуша алабыз!”

Шаарчанын мейкиндиги 4 темага бөлүнгөн 6 чатырды жана чоң эркин аймакты камтыйт:
– “8/365” чатыры (Аялдардын коомдогу саясий катышуусу, 8-марттын жана 8/365-тин мааниси);
– “Менин денем – менин ишим” чатыры (Сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук, суроолор жана жооптор);
– “Аялдардын бактысы” чатыры (“Шанс” жана “Сезим” шелтерлеринде жашаган аялдардын кыялдары жана окуялары);
– Эркин зона – аялдардын ар түрдүүлүгүн, жашоосун, көйгөйлөрүн көрсөткөн, коркөм инсталяциялар, сүрөттөр, видео жана фото көргөзмөлөр болот.

“Аялдар тилектештик шаарчасы” ден соолук, сексуалдык, укуктар жана мүмкүнчүлүктөр маселелери көтөрүлгөн мейкиндик. Шаарчага Бишкекте иш алып барган 10дон ашуун жергиликтүү аялдар жана гендердик уюмдар катышат. Ошондой эле балдар үчүн атайын чатыр уюштурулат.